Кыргызстан Кытайга үч эсе көп экспорттой баштады

14 марта 2023, 13:57

Быйылкы жылдын январь айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 304 миллион 463,6 миң долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,9%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Кытайдан импорттун көлөмү 298 миллион 752,4 миң долларды түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 23,5%га өстү.

Кытайга экспорт өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 1 миллион 809 миң долларга салыштырмалуу 215,7 пайызга өсүп, 5 миллион 711,2 миң долларга жетти.