Октябрь-ноябрь айларында азык-түлүктүн кээ бир түрлөрүнө болгон баа төмөндөдү

8 ноября 2019, 12:00

Республика боюнча 2019-жылдын 4-октябрдан тарта  1-ноябрга чейин азык-түлүктүн кээ бир түрлөрүнө болгон баа төмөндөгөн. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирет. 


4-октябрдан 1-ноябрга чейин төмөнкү азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөдү: 

- Кумшекер 1,31 сомго же 2,97%; 

- Өсүмдүк майы 0,09 сомго же 0,10%; 

- Кой эти 0,3 сомго же 0,09%; 

- Картошка 1,07 сомго же 5,88%; 

- Цемент 0,6 сомго же 0,20%.