ЕАЭБде Кыргызстан билим берүүгө бюджеттен эң көп каражат жумшайт

3 января 2023, 12:07

Кыргызстан 2021-жылы билим берүүгө ИДӨнүн 6,1%ын сарптаган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. 

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын билим берүү тармагына кеткен бюджеттик чыгашасы эң көп болгон. 

Экинчи орунда Казакстан ИДӨнүн 4,4%, Орусия 3,6% жана Армения 2,7% сарптаган. Белоруссия  билим берүү тармагына кеткен чыгым боюнча маалымат берген эмес.