Кыргызстан түрк ишкерлерине кызматташуунун беш багытын сунуштайт

28 февраля 2024, 15:26

Түзүлгөн шарттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында Кыргызстан Түркия менен экономикалык кызматташуунун беш келечектүү багытын сунуштайт. Бул тууралуу кыргыз-түрк бизнес форумунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. 

Бул багыттар энергетика, өнөр жай, соода, туризм жана финансылык кызматташтык тармактары болуп саналат. 

“Кыргызстандын Түркияга кылган экспортунун негизин жашылча-жемиштер (төө буурчак), ар кандай жаңгактар, авиакеросин, пахта буласы, чийки булгаары, коргошун, башка негизги металлдар, ар кандай машиналар жана механикалык түзүлүштөр жана алардын тетиктери түзөт”, - деди министр.