Кыргызстан Түркияга 6,4 млн долларга буурчак жана жаңгак экспорттойт

13 февраля 2024, 17:30

Анкарада өткөн бизнес-форумда Кыргызстандан Түркияга 4,6 млн долларлык буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу "Логистан" телеграм баракчасы Экономика жана коммерция министрлигине таянып билдирди. 

Ошондой эле, эки өлкөнүн компаниялары Кыргызстандан Түркияга 1,8 млн долларга жаңгак экспорттоо боюнча баштапкы келишим түзүштү.