Кыргызстан Түркмөнстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону токтотту

26 января 2022, 16:20

Кыргызстан Түркмөнстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка" билдирди.

Министрдин айтымында, бул ички керектөөлөрдү камсыздоого таасирин тийгизбейт.

Аткаминер импорттун токтотулушуна Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчесиндеги авария себеп болгонун белгилеп, анын кесепеттери жоюлгандан кийин процесс кайра жанданарын кошумчалады.