Кыргызстан төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн насыя алышы мүмкүн

4 декабря 2023, 14:10

Кыргызстан төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн насыя алышы мүмкүн. Кеп Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен тууралуу болуп жатат.

Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 8 миллион евро, Атайын акционердик фонд 8 миллион берсе, техникалык кызматташтык гранты 2,5 миллион евродон ашат деп күтүлүүдө.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети жактырды.