Кыргызстан билим берүүгө жана коргонууга кеткен чыгымдарды көбөйттү

29 августа 2021, 11:31

Ушул жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүндө билим берүүнүн чыгымдарына бөлүнгөн каражаттын суммасы 2 миллиард 189,9 миллион сомго (10,6%га), коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук боюнча 2 миллиард 460 млн сомго (12,8%га) көбөйдү деп билдирди Улуттук статистикалык комитет. 

Ошондой эле, экономикалык ишмердүүлүк менен байланышкан мамлекеттик кызматтарга чыгымдар 1 миллиард 64,1 миллион сомго (1,5 эсеге), социалдык коргоого 887 миллион сомго (5,3 %га), турак жай жана коммуналдык кызматтарга 742 миллион сомго (36,1 %га) көбөйдү.

Мамлекеттик бюджеттин операциялык чыгымдарынын олуттуу үлүшүн мурдагыдай эле социалдык-маданий чөйрө ээлейт (67,5%, же 52 млрд 673 млн сом). Жалпы мамлекеттик кызматтар, коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук бардык каражаттардын 27,9% ын түзөт (21 млрд 720,6 млн сом), чарбалык иштерге байланышкан мамлекеттик кызматтар - 4,2% (3 млрд 315,5 млн сом), айлана -чөйрөнү коргоо - 0,4% (292,7 млн. сом).