Кыргызстан Индия жана Кытай менен өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

19 августа 2021, 11:55

Кыргызстан өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча Индия жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын бүгүн Чолпон-Ата шаарында уюштурулган III кыргыз-орус бизнес форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирди.

Ал ошондой эле 100 миллион доллар капиталы бар кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фонду жылдын аягына чейин түзүлөрүн айтты. 

"Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши учурунда 385 миллион доллар гана жумшалган - бул өтө аз. Каражатты пайдаланууну тездетүүбүз керек. Орус тарап фонддун ишинин алкагында дагы 500 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин жарыялады. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.