Кыргызстан ЕСӨФнан 100 млн. $ насыя алышы мүмкүн

14 октября 2019, 15:30

КР Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен 10 млн. € суммадагы каржылоо тууралуу жана  сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунан 20 жылга чейин 1% чен менен 100 млн. $ насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Каражат КР жарандарын ипотекалык насыя менен камсыз кылууга жумшалат деп жазылат маалыматта. 

Андан сырткары, бул айда KfW немец өнүктүрүү банкы каржылоону баштайт. Бөлүнгөн каржылары Кыргызстандын бардык жарандарын жылына 10% чен менен насыялоого жумшалат. 

Белгилей кетсек, KfW ипотекалык насыянын элет тармагында өсүшүнө 11 млн. € өлчөмүндөгү грант бөлүп берген.