Кыргызстан Венгрияга койдун этин экспорттоону көздөөдө

6 ноября 2023, 15:25

Кыргызстан койдун эти Венгриянын мейманканаларына жана ресторандарына экспорттоону пландоодо. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, венгриялык жана кыргызстандык ишкерлер жолугуп, анда Венгрияга жума сайын 20 тонна эт жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. 

“Келечекте биз сатып алууну жумасына 40 тоннага чейин жеткирүүнү пландап жатабыз”, - деди венгриялык тараптын өкүлү Патрик Матус.

Ошондой эле, ал кыргызстандык өнүмдүн сапаты Жаңы Зеландияныкынан кем эмес экендигин белгиледи.

“Биз этти стейк түрүндө мейманканаларга жана ресторандарга, кийинчерээк керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсү үчүн супермаркеттерге жеткиребиз”, - деди ишкер.

Бул ишти баштоо үчүн тараптар Брюсселден уруксат күтүп жатышат.

Улуттук инвестиция агенттигинин экспорт бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиевдин айтымында, венгриялык ишкерлер Кыргызстанда өстүрүлгөн асан-үсөн форель балыгына да кызыгууда.