Кыргызстан Сибирь шоколадын импорттоо боюнча КМШдагы үч өлкөнүн бири

21 декабря 2021, 16:17

Сибирь Бажы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын он айында Сибирь федералдык округунан (СФО) наркы 131,1 млн доллар болгон 67,3 миң тоннадан ашык шоколад жана шоколад азыктары экспорттолгон. Россияда шоколад продукциясын экспорттоо боюнча Борбордук федералдык округдан кийинки экинчи орунда Сибирь турат. Бул тууралуу Vch.ru сайты жазып чыкты. 

Физикалык жактан алганда, аталган округга россиялык шоколаддын жалпы экспортунун 29%, наркынын - 19,6% туура келген. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорттолгон шоколаддын салмагы 2,5%га, ал эми өздүк наркы 7,1%га өскөн. 

Сибирь шоколад продукциясынын негизги сатып алуучусу Кытай болгон (жалпы физикалык көлөмдүн 27%дан ашыгы), ошондой эле КМШ өлкөлөрү: Казакстан (22%), Өзбекстан (10.9%), Кыргызстан (6%), Беларусия (5.8%), Азербайджан (5.6% ) жана башкалар. 

“Шоколад азыктары Сибирь тамак-аш азыктарынын экспортунун жалпы көлөмүнүн дээрлик 10%ын түздү”, - деп билдирген басылмага аталган Бажы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, федералдык бажы кирешелер кызматынын башчысы Дмитрий Колыханов.