Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кайра кирди

12 октября 2022, 10:02

БУУнун Адам укуктары боюнча 2023-2025-жылдары кеңешине шайлоодо Кыргызстан 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

2022-жылдын 11-октябрында Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болду.

Азиялык топтун ичинен алты өлкө БУУнун Адам укуктары боюнча төрт орун үчүн күрөштү - Кыргыз Республикасы, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы.

“Кыргыз Республикасынын мындай беделдүү эл аралык органга кайрадан шайлануусу – бул өлкөнүн адам укуктары жаатындагы жетишкендиктерин жана адам укуктарын, негизги эркиндиктерди жана демократиялык өнүгүүнү коргоо жана илгерилетүү боюнча дүйнөлүк кампанияга келечектеги салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылуусу” — деп белгиледи республиканын Тышкы иштер министрлиги.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан 2009-2012 жана 2016-2018-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болгон.