Кытайга болгон карыз мамлекеттердин ичинен Кыргызстан 5-орунда турат

8 ноября 2019, 11:45

 Кыргызстандын Кытайга болгон карызы өлкөнүн ИДПсынан 30% түздү. Бул тууралуу Eurasianet Улуттук экономикалык изилдөө бюросуна (NBER) чыккан «Кытай мамлекетеинин чет өлкөгө берген насыясы» аттуу макалага таянып жазды. 

Изилдөөдө Кытай астында карызы бар мамлекеттердин тизмеги жарыяланган. Тизмеде Кыргызстан Кытайга болгон карызы боюнча 5-орунду ээлеген. Тажикстан - 20, Түркменстан - 23, Өзбекстан - 40 орунда турат.