Кыргызстан кышкы эс алууга ылайыктуу болгон топ-10 өлкөлөрдүн катарына кирди

8 января 2020, 09:41

Кыргызстан орусиялыктардын тандоосу боюнча, кышкы эс алууга ыңгайлуу болгон ТОП-10 өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул изилдөөнү Туту.ру. саякаттоо кызматын көрсөткөн компания жүргүзгөн. 

Компаниянын адистери Орусиянын бардык шаарларында чет жерге 2019-жылдын 1-декабрынан тарта 2020-жылдын 1- мартына чейин сатылган авиабилеттер менен, туристтер 3 жумадан ашуун кайда кетип жаткандыгын анализдеп чыгышкан. 

 

«Рейтингдин сап башында Таиланд өлкөсү турат. Андан сырткары тизмеге, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн Вьетнам (5 - орунда), Индия (8 - орунда) кирген. Ал эми саякатчылар Бали аралына барганына карабастан, Индонезия топ-10 өлкөнүн катарына кирген эмес», — деп билдиришти Туту.ру. компаниясы. 

Андан сырткары, топ-10 өлкөнүн ичине Өзбекстан - экинчи орунду, Германия - үчүнчү орунду ээледи. Адистердин айтымында, тизмектин катарына КМШнын төрт  өлкөсү кирген: Өзбекстан, Армения, Казакстан жана Кыргызстан. 

«Божомол менен саякатчылар бул өлкөлөргө кыштап келүүгө, же туугандары менен учурашып келүүгө же үйлөрүнө кетип жатышат», — деп кошумчалады аналитиктер. 

Белгилей кетсек, эс алууга кеткен ар бир үчүнчү жаран Таиланд, Вьетнам же Индияга бара жаткандар. Алар өлкөдө үч же андан ашык апта болушат. Өткөн жылдын кыш мезгилинде бул өлкөлөрдүн катарын Кытай дагы толуктаган.