Кыргызстан ЕАЭБде жумушсуздардын саны боюнча экинчи орунда турат

15 февраля 2023, 13:55

Былтыркы жылдын декабрынын акырына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 824,3 миң адамды же жумушчу күчүнүн 0,9%ын түздү.

Такталгандай, 2021-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 18,7%га азайган.

Жумушсуздардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда (Армения биринчи орунда – калктын 3,6%ы) калктын 2,8%. Өткөн жылы өлкөдө 76 миң адамдан 1300 адам иш менен камсыз болгон.