Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду экспорттоого тыюу салынды

5 августа 2022, 14:25

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкө аймагынан ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.