Кытайга болгон карызды 2% үстөгү менен 6 жылга жылдыруу сунушталды

4 октября 2021, 17:58

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрда Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады. Бул тууралуу ЖКнын сайтында маалымдалды.

Жыйында Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков долбоордо тышкы карыздын 51,1 млн. долларын төлөөнү жылына 2% менен 6 жылга жылдыруу сунушталганын билдирди.

Суроолор такталгандан кийин, депутаттар Кытайга болгон карызды төлөөнү кийинкиге калтырууга макул болушту.