Кыргызстан январда дээрлик 6 миң тонна пияз жана сарымсак экспорттогон

15 марта 2023, 16:09

Январь айында кыргызстандык дыйкандар 5707,5 тонна пияз жана сарымсак экспорттошкон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат. 

Маалыматка ылайык, товардын жалпы баасы 80 млн 283,3 миң сомду түзгөн. 

“Өнүмдүн бир килограммы канчага бааланганын эсептөө кыйын, анткени пияз менен сарымсак бир товардык код менен аныкталат”, - деп айтылат маалыматта.