Доочулар «Скай Мобайл» оператору үчүн Кыргызстанга 73,8 млн доллар дооматынан баш тартышты
Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн.доллардык "Скаймобайл" уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын ноябрында "Menacrest AG" жана "VIP Kyrgyzstan Holding AG" компаниясы өлкөдөн "Скай Мобайл" иши боюнча 73.8 млн. доллар компенсация талап кылып арбитраждык териштирүү ишин баштаган.
Быйылкы жылдын февралында талаштын чоо-жайы боюнча жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар болуп өткөн.
Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал арбитраждык процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу процесстик буйрукту чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш кырдаал жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн.доллар талап толугу менен кайтарылган.
Белгилей кетсек, жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер ("Menacrest AG" компаниясы жана "VIP Kyrgyzstan Holding AG" компаниясы) тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.