Экономикалык трансформация индексинде Кыргызстан 66-орунду ээледи
2021-жылдын экинчи чейрегинин аягында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн суверендүү кредиттик рейтингдери, ошондой эле Бертельсман трансформация индексиндеги позициялары жаңыртылды, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясы.
Такталган маалыматтар боюнча, Кыргызстан рейтингде 66-орунда, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында 4-орунда турат.
Армения менен Беларуссия 2018-жылдан бери позицияларын жакшыртышты, алардын ичинен Казакстан Республикасы көрсөткүчтөрдүн кыйла жакшырганын көрсөттү (+10 позиция). Азыр ЕАЭБ өлкөлөрү трансформация индексинде төмөнкүдөй жайгашкан:
- Армения Республикасы - 43-орун,
- Орусия Федерациясы - 50-орун,
- Казакстан Республикасы - 54-орун,
- Кыргыз Республикасы - 66-орун,
- Беларусь Республикасы - 74-орун.