Кыргызстан Кытайдан башка бардык өлкөлөргө көмүр экспорттоого тыюу салды

25 октября 2022, 09:38

Министрлер кабинети таш жана казылган көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.

Алты айлык чектөө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттарына тиешеси жок.

Улуттук статистикалык комитеттин тышкы соода боюнча маалыматына ылайык, январь-август айларында Кыргызстандан Кытайга 1 миллион 784,2 миң долларга көмүрдүн ар кандай түрлөрү экспорттолгон.