Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттойт

20 ноября 2023, 16:30

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын дыйкандары Ташкентке картошка экспорттойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү билдирди.  

Маалыматка ылайык, бул тууралуу келишимге Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен өзбек импортерлорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилди. 

“Кол коюлган келишимге ылайык, биринчи жеткирүүнүн жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын деп бааланууда. Товардын биринчи партиясы лабораториялык текшерүүдөн кийин жолго чыгат”, - деп айтылат маалыматта.