Кыргызстан Жамбыл облусун 75% суу менен камсыздайт

19 января 2024, 16:45

Казакстан суу тартыш өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Бул тууралуу Казакстандын суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов билдирди. 

Анын айтымында, суу тартыш 25 өлкө бар. Алар Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Америка. 

“Казакстан боюнча айта турган болсок, 2023-жылы 102,3 куб километр суу топтолду. Бул 100%, бул көлөмдүн 55%ы Казакстанда пайда болгон суулар. Суунун 44%ын биз коңшу өлкөлөр менен болгон трансчегаралык дарыялардан алабыз. Мисалы, Жамбыл облусун айта турган болсок, суунун 75%ы Кыргызстандан келет. Эгер Түркстан жана Кызылордо облустарын алсак, суунун 90%ы Сырдарыя аркылуу келет. Сырдарыя Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен кесилишет”, - деди ал.