Кыргызстан «Airbus A320» үлгүсүндөгү учак сатып алды
Кыргызстан жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
2002-жылы чыгарылган “Airbus A320” учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынды.