Кыргызстан жүк ташуучу унаалардын импортун 2,2 эсеге көбөйттү
2023-жылдын 11 айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 125,7 млн долларлык 12,5 миң жүк ташуучу унаа импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, өлкөгө 6,8 миң жүк ташуучу унаа (+120%) 76 млн долларга(+153%) киргизилген.
Кыргызстанга эң көп жүк ташуучу унаалар:
- Түштүк Кореядан - 5053 (+238%)
- Литвадан - 3902 (+ 41%)
- Кытайдан - 1763 (+188%)
- Өзбекстандан – 488 (+246%)
- АКШдан - 411 (+756%)
- Германиядан - 243 (+5%)
- Орусиядан – 121 (-8%) унаа киргизилген.