Кыргызстан жол курууга 47 млн евро алышы мүмкүн

2 апреля 2024, 14:42

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 миллион евро алышы мүмкүн. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, каражат Ысык-Көл облусундагы жолдун курулушуна жумшалат.

Маалыматка ылайык, каражаттын бир бөлүгү насыя, бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Анын негизинде Балбай баатыр – Каракол жолунун участогун куруу пландалууда

. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.