Москвада инфекцияга чалдыккан кыргыз жарандары акысыз дарыланат

10 января 2023, 13:54

Москвада чет элдик жарандарда жугуштуу оорулардын бар же жок экендигин кошумча текшерүүдөгү төлөмдөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, “Көп функционалдуу миграциялык борбордо” жүргүзүлүүчү медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди.

Муну менен, жугуштуу оорулардын бар же жок экенин текшерүү үчүн кошумча медициналык текшерүүлөр борбордун аймагында башка медициналык мекемелерге жиберилбестен алынат. 

Чет элдик жаран жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталып, тиешелүү дарыланууга муктаж болгондо Москвадагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлөт. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт.