Кыргызстандыктар көбүнчө өмүрүн кырсыктардан жана оорулардан камсыздандырышат

25 мая 2021, 16:40

Январь-март айларында Кыргызстанда 198 миллион 400 миң сомго 55 миң 343 ыктыярдуу келишим түзүлгөн. Ошол эле учурда жалпы салымдар 272 миллион сомду түзгөн. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгилүү болгондой, көпчүлүк учурда кыргызстандыктар өз өмүрүн кырсыктардан жана оорулардан камсыздандырышат (42 миң 641 келишим), келишимдердин саны боюнча экинчи орунда туристтик камсыздандыруу (2 миң 990 келишим), үчүнчү орунда медициналык камсыздандыруу турат (293 келишим).

Жалпысынан 1 миң 848 камсыздандыруу болгон, ал үчүн 38,4 млн сом төлөнгөн.