Кыргызстандыктар акча сактоо үчүн долларды эмес, алтынды көбүрөөк тандап башташты

1 апреля 2022, 10:16

Февраль айынын акыркы күндөрүндө жана март айында кыргызстандыктар 5 миң 428 алтындын өлчөнгөн куймаларын же 75,3 килограмм алтын сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан “Акчабарга” билдирди.

Буга чейин “Акчабар” жазгандай, президент Садыр Жапаровдун кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунан кийин калктын алтынга болгон кызыгуусу кыйла өскөн. Анда мамлекет башчы бош акчаны чет элдик валютага эмес, алтынга салууга чакырган. Мамлекет башчысынын кайрылуусунан кийин алгачкы эки күндүн ичинде кыргызстандыктар 6,4 килограмм алтындын өлчөнгөн куймаларын сатып алышкан. Ал эми 2015-жылдын май айында сатуу башталгандан бери 315,3 килограмм сатылган.

Акыркы күндөрү алтынга болгон кызыгуу солгундаган жок. Март айында жарандар 440,4 млн сомдук жалпы салмагы 66,8 килограммды түзгөн 5 миң 87 куйманы сатып алышкан. Башкача айтканда, Улуттук банк бир айдын ичинде эле өткөн жылдагылардан да көп алтын сатты.

Эгерде жылдык көрсөткүчтөр менен март айындагы сатуунун көлөмүн акчалай эквивалентте салыштыра турган болсок, анда алтынга болгон кызыгуунун кескин өсүшү байкалат.

Айта кетсек, кардарлар мурда сатылып алынган алтын куймаларынан кутулууга азырынча ашыга элек. Март айында 14,4 килограмм алтын кайра сатып алынып, анын суммасы 92,2 млн сомду түздү.