Орусияда бекер билим алууга 1-сентябрдан тарта документ тапшырса болот

30 августа 2021, 14:30

2021-жылдын 1-сентябрынан тарта Орусиянын өкмөтү тарабынан бөлүнгөн квота боюнча 2022-2023-окуу жылына карата Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат, деп айтылат элчиликтин сайтында.

Каалоочулар 2021-жылдын 1-ноябрына чейин керектүү документтерди EDUCATION IN RUSSIA порталына каттап, жүктөшү керек. Документтерди тапшыруу эрежелери менен “Россотрудничествонун” Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн баракчасынан таанышууга болот.

Орусиялык ЖОЖдордо бюджеттик билим алуу үчүн талапкерлерди квота боюнча кабыл алуу “Россотрудничествонун” Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан, эч кандай ортомчу уюмдардын катышуусуз ишке ашырылат.