Кыргызстанда депозиттер үчүн 140.9 млрд. сом сакталууда

25 сентября 2019, 09:47

2019 – жылдын июль айынын аягында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик жалпы көлөмү 140 млрд. 938 млн. 585.5 миң сомго бааланууда. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматында айтылат. 

Депозиттер боюнча орточо салмакка алынган чен – 4.27%. Ушул жылдын январь айына салыштырмалуу, КР коммерциялык банктарына сактоо үчүн жиберилген  депозиттердин толук суммасы 11.5 млрд. сомго көбөйдү. Ошону менен катар депозиттер боюнча чен жыл башынан бери 0.03% көбөйдү. 

Сумманы көпчүлүк бөлүгү улуттук валютада сакталган – 82.2 млрд. соом (58.3%),  58.6 млрд. сом аманат акчалар чет элдик валюта менен сакталууда. 

2018 – жылдагы июль айы менен салыштырып караганда, банктардагы депозиттердин жалпы суммасы 13.2 млрд. сомго көбөйгөн.