Бишкектиктер мамлекеттик бийликке ишенишпейт
Кыргызстанда бажы тармагы эң коррупцияланган мекеме катары бааланууда (-18.7 упай берилген). Бишкекте бажычыларга ишеним аз (-43.3) Талас областында (-32.2). Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети 2019-жылдын I-жарым жылдыгы боюнча чыгарды.
Терс баага Саламаттык сактоо министрлиги (-11.1упай) менен ээ болсо, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (-10.2) жана ИИМ (-7.9) упай алышкан. Бишкектиктер катышкан сурамжылоодо баардык мамлекеттик кызматтар терс баа алып, орточо баа берүү -14.1 упайга тең болду.
Жергиликтүү администрация азырак коррупцияланган деп (41.4 упай берилсе), Мамлекеттик спорт агентиги (37.7), ӨКМ (37.3) жана өкмоттүн өкүлдөрү (36.2) упайга бааланышкан.
Элдин ишеними -100 дөн +100 чейинки аралыкта аныкталган. Эгерде баалоо жогору болсо, анда ишеним артуу дагы жогору.