Кыргызстандыктар Орусияга 323 млн доллар жөнөтүштү

11 октября 2021, 10:17

Ушул жылдын январынан августуна чейин кыргызстандыктар чет өлкөгө 335 миллион доллар которушкан, анын 323 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн.

Август айында кыргызстандыктар Россия Федерациясына 41,7 миллион доллар которушкан, бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 3,5 миллион долларга көп.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстандан Орусияга акча которуулар 31,8 миллион долларга көбөйдү.