Кыргызстандыктар Орусияга 55.5 млн $ которушкан

17 декабря 2019, 09:38

Октябрь айында Кыргызстандан тышка агылган акчанын суммасы, 2018-жылдын октябрь айына салыштырмалуу  8.8 млн $ өскөн. Бул тууралуу КР УБ билдирет. 

2019-жылдын сентябрь айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 47.1 млн $, октябрь айында  55.9 млн $ которушкан. Анын ичинен Орусияга - 8.6 млн $ (55.5 млн $) жана алыскы чет өлкөгө - 200 миң $ (300 миң $) которушкан. 

Муну менен катар, тогуз ай ичинде КР жарандары чет өлкөгө 438.9 млн $ которушкан.