Кыргызстандыктар жаңы багыт боюнча уча алышат

28 декабря 2022, 10:30

Улан-Батор — Бишкек — ​​Шарджа жаңы чартердик каттамы ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Чартердик рейсти Hunnu Air авиакомпаниясы 2022-жылдын 30-декабрынан тарта аткара баштайт.

Каттам жумасына бир жолу жума күндөрү учса, Шарджа — Бишкек — ​​ Улан-Батор багыты боюнча ишемби күндөрү кайтып келет.