Кыргызстандыктар карызын онлайн текшере алат

28 июня 2022, 12:41

“Түндүк” мамлекеттик мекемесинде Кыргызстандын жарандарына сот аткаруучулар аркылуу онлайн режиминде карызын текшерүү мүмкүнчүлүгүн бере турган кызматтын бет ачары өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Сервис электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Бет ачардын жүрүшүндө Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ыйгарым укуктуу колдонуучулар дагы аткаруу ишинин номери жана сот аткаруучунун телефон номери менен тааныша аларын айтты.

“Мамлекеттик порталда кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызматтардын спектрин кеңейтүү жарандардын кагаз түрүндөгү справкаларды жана документтерди алуу убактысын жана чыгымдарын үнөмдөөгө алып келет. Үйдөн чыкпастан жана дүйнөнүн каалаган жеринде болбостон, электрондук кызматтардын бирдиктүү порталында бардык маанилүү социалдык мамилелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп кошумчалады Талантбек Иманов.