Кыргызстандыктар Баткенде жабыркагандар үчүн 81,1 млн сом чогултту

19 мая 2021, 09:40

Экономика жана Финансы министрлиги Кыргызстандын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине ыктыярдуу төгүмдөр тууралуу отчет берди. 

Министрликтин маалыматы боюнча, атайын эсепке 81 миллион 176,5 миң сом которулган.

Эске салсак, кыргыз өкмөтүнүн чечими менен кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам берүү үчүн ыктыярдуу акча которуулар боюнча атайын эсеп ачылган.