Кыргызстандыктар баткендиктерге жардам катары 96 млн сомдон ашык каражат топтошту
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине бүгүнкү күндө канча каражат түшкөндүгү тууралуу Экономика жана каржы министрлиги маалымат берди.
Ага ылайык, 24-майга карата 96 миллион 529,6 миң сом түшкөнү белгилүү болду.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам берүү үчүн ыктыярдуу төгүмдөр боюнча атайын эсеп кыргыз өкмөтүнүн чечими менен ачылган. Акча которуулар үзгүлтуксүз болууда.