Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 млн сомдон ашык чогулду

20 февраля 2023, 12:21

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 миллион сомдон ашык чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.