Түркияга жардам катары дээрлик 56 млн сом чогулду

21 февраля 2023, 11:33

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик 56 миллион сом чогултту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.