Кыргызстандыктар Түркияда жабыркагандар үчүн дээрлик 18 млн сом чогултушту
Кыргызстандыктар 15-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 17 миллион 838,6 миң сом жана 13,5 миң рубль которду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казынасынан билдиришти.
Эске салсак, 7-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Жардамды төмөнкү маалымат менен берсе болот:
- Банк: "Айыл Банк" ААК
- ИНН: 01803199710084
- BIC: 135001
- OKPO: 30597768
- Эсептин номери: № 1350102119900169 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
- Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
- Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.