Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүрөөк ала башташты

29 марта 2023, 10:00

Өткөн жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 39 миллиард сомдон ашса, ал эми алуучулардын саны 672 миң адамды түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2021-жылга салыштырмалуу микрокредит менен камтылган калктын саны 4,3%га, ал эми берилген микрокредиттин көлөмү 6%га өстү.

"Көбүрөөк сумма Бишкек (7,4 млрд сом, же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (6,8 млрд сом, же 17,4%), Чүй (6,4 млрд сом, же 16,3%) жана Жалал-Абад облустарынав (5,7 млрд. сом же 14,6%) берилген", - деп белгиледи Улуттук статистикалык комитет.

Мында ссудалардын 48,5% керектөө муктаждыктары үчүн алынган.

"Өткөн жылга салыштырмалуу керектөөчү микрокредиттердин үлүшүнүн (+10 пайыздык пунктка) олуттуу өсүшү байкалды, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, 5,1 пайыздык пунктка, курулушта 2,1 пайыздык пунктка кыскарды", - деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Ошол эле учурда кайтаруу көрсөткүчү 97,1%ды түздү.