Коммерциялык банктарынын насыя портфелинин көлөмү 170 млрд сомго көбөйдү

27 мая 2021, 12:30

Улуттук банктын маалыматы боюнча, ушул жылдын апрель айынын аягында, жыл башына салыштырмалуу насыя портфелинде өсүш байкалган. Анын көлөмү 4,5% га көбөйгөн.

Апрель айынын жыйынтыгы боюнча, кредит портфелинин жалпы суммасы 169 миллиард 987 миллион 307,3 миң сомду түздү. Анын ичинен 117 миллиард 26 миллион 448 миң сом улуттук валютада, 53 миллиард чет элдик валютада чыгарылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу насыянын көлөмү 12,3% га көбөйгөн.