Төлөм уюмдары аркылуу унаа айып пулу көбүрөөк төлөнө баштады

2 декабря 2022, 15:53

Быйыл үчүнчү кварталда кыргызстандыктар төлөм уюмдары аркылуу жол эрежесин бузгандыгы үчүн 58,8 миллион сом айып пул төлөштү. Бул тууралуу Улуттук банктын документтеринде айтылат.

Жогорудагы сумма мыйзам бузган 101,5 миң адамдан түшкөн.

Экинчи кварталга салыштырмалуу туумду төлөөнүн суммасы 27,8%га өскөн.