Кыргызстандыктар сом түрүндө көбүрөөк акча топтой башташты

8 сентября 2023, 10:00

Кыргызстанда каражатын чогулткандар көбөйүүдө. Алар акчаны улуттук валютада сактап жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Алсак, коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 2023-жылдын башынан бери 18%га көбөйүү менен 400 млрд сомду түздү.

"Банк тутумунда ресурстук базанын кеңейүүсү байкалууда жана сомдун ликвиддүүлүгүнүн жогорку деңгээли сакталууда, муну менен экономиканы кредиттөөнүн өсүшүнө колдоо көрсөтүлүүдө", - деп белгиледи Улуттук банк.

Бул экономиканы кредиттөөнүн өсүшүн колдойт. Кредиттик портфелдин көлөмү 2023-жылдын башынан бери 14%га өсүп, июль айынын аягында 233 млрд сомду түздү.

"Бул өлкөдөгү инфляциялык фондун алсырашынын себептеринин бири болду", - деп билдирди Улуттук банк.