Кыргызстандыктар соода-сатыкты карталар аркылуу 60% га көбүрөөк төлөй башташты

18 ноября 2020, 11:30

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча, кыргызстандыктар дүкөндөрдө жалпы суммасы 4,7 миллиард сомду түзгөн POS терминалдар аркылуу сатып алууларды 4,5 миллион жолу төлөштү. Улуттук банктын отчетуна ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциялардын саны 60,7% га, көлөмү 9,3% га көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, отчеттук мезгил ичинде транзакциялардын саны  14,8 млн. жалпы суммасы 68,3 млрд сомду түзгөн.

Төлөм карталарынан акча каражаттары 63,6 млрд.