Кыргызстандыктар февраль айында чет өлкөгө 41.9 млн$ жөнөткөн

12 апреля 2021, 09:32

Улуттук банктын маалыматына ылайык, кыргызстандыктар февралда чет жака 41.9 млн$ которгон. бул ушул жылдын январь айына салыштырмалуу 22.1%га көп. 

Негизги сумма же 96.4%, Орусияга которулган. 

Жалпысынан январь-февраль айларында кыргыз эли 74,5 миллион долларды чет өлкөгө которгонун, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 400 миң долларга азайганын кошумчалайбыз.