Октябрь айында кыргызстандык мигранттар өлкөгө 220.4 млн $ которушкан

17 декабря 2019, 09:16

Чет өлкөдө мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар, октябрь айында Кыргызстанга 220.4 млн $ которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

2019-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу эмгек мигранттардын которгон каражаты 10.5 млн $ көбөйгөн. 

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында республикага 2 млрд 800 миң $ каражат мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн. Бул 2018-жылдын 10 айына салыштырып караганда, 242.1 млн $ аз болгон.

Салтка ылайык, которулган сумманын көпчүлүк бөлүгүн, (98.1%) Орусияда иштеп жүргөн кырызстандык мигранттар (216.2 млн $)  жөнөткөн.