Кыргызстандыктар баткендиктерге жардам берүү үчүн 4 саттын ичинде 6.7 млн сом чогултушту

4 мая 2021, 09:24

Экономика жана Каржы министрлиги Кыргызстандын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине ыктыярдуу төгүмдөрдүн келип түшкөндүгү жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 3-майда саат 16: 00гө карата эсепке 11 миллион 335 миң 250 сом түшкөн. Ошол эле учурда саат 12: 00гө карата депозитке 4 миллион 611 миң 784 сом гана топтолгон. Төрт сааттын ичинде кыргыз эли эсепти дагы 6,7 миллион сомго толуктады.

Эске салсак, Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыркагандарга жардам берүүгө ыктыярдуу салымдар үчүн атайын эсеп ачылган.